http://ktrk.kg/Буранада "Үркүндү" чагылдырган спектакль коюлду

Буранада "Үркүндү" чагылдырган спектакль коюлду

8 Нояб 2017 , 17:13 4174

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн урматына Токмоктогу тарыхый Бурана музей комплексинде чоң иш-чара өттү. 

Анда 1916-жылдагы үркүндөгү кыргыздардын абалы, Октябрь революциясынын жеңиши менен мекенине кайтып келген жүз жыл мурдагы калктын тагдыры эскерилип, куран окулду.

Үрккөн эл жана азап тозок менен Кытайга жетип, анда бир сындырым нан үчүн кызын саткан кыргыздар жана Октябрь социалисттик революциясынын орношу менен мекенине кайтып келген элдин эки доордогу тагдырын чагылдырган спектакль Токмоктогу Бурана тарыхый музей-комплексинин короосунда, ачык талаада коюлду. Аны Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын артисттери алып чыкты.


Өткөн тарыхка кайрылып барган көрүүчүлөрдүн спектаклден алган таасирлери чоң болду.


Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен дал келген Токмок шаарынын 150 жылдыгы да өзгөчө шаң менен коштолду.






Новости по дате