http://ktrk.kg/Кыргызстанда «Кытай жазууларындагы кыргыз тарыхы» китеби жарыкка чыгат

Кыргызстанда «Кытай жазууларындагы кыргыз тарыхы» китеби жарыкка чыгат

11 Март 2016 , 6:54 1055

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Тарых жана маданият жылына” даярдануу жана өткөрүү боюнча дирекциянын директору Султан Раев Кытай жергесинде болуп, бир катара кытайлык тарыхчылар, окумуштуулар менен жолугуп кайтты. Иш сапардын алкагынын негизинде кытайлык окумуштуулар изилдеп, түзгөн  «Кытай жазууларындагы кыргыз тарыхы» аталышындагы китептин презентациясыөткөрүлдү. Басылмада  Кыргыз каганаты тууралуу биздин доорго чейинки 525-жылкы кытай жазууларында көрсөтүлгөндүгү айтылат.

“Кыргыз  тарыхчыларынын изилдөөлөрү, айтуулары боюнча Кыргыз каганаты Барсбек кагандын доорунда түптөлгөндүгү айтылат эмеспи. Бирок, кытайлык окумуштуулар Кыргыз каганаты ага чейин эле болгонун далилдеп жатышат”- дейт Султан Раев.

Кыргыз тарап аталган уникалдуу басылманын кыргыз жана орус тилдеринде которуу иштерин башташты. Мындан тышкары бул жылы Кыргызстандын  аймагында кытайлык окумуштуулардын катышуусундагы илимий-конференция өткөрүү пландалууда.

Новости по дате