http://ktrk.kg/Алмазбек Атамбаев: кыргыз-казак чек арасындагы абал жөнгө салынат

Алмазбек Атамбаев: кыргыз-казак чек арасындагы абал жөнгө салынат

21 Нояб 2017 , 9:16 1653

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

POST1RIGHT

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты.

Казакстан менен мамиле жөнгө салынат. Бул Аcтана үчүн да, биринчи иретте Орусия үчүн керек. Мен туура кылдым деп ойлойм. Биздин ички ишке кийлигишүүгө болбойт деген сабак бердик. 2010-жылы шайлоодо Казакстандын Коопсуздук комитетинин кеңешчиси жүрүп, ар кимге акча тараткан. Мен жакында досум, Улуу Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда "Евразия экономикалык биримдигинин келечеги үчүн байкоочу катары карап турган болбойт" деп айттым, - деди мамлекет башчы.

Алмазбек Атамбаев алты жылдык президенттик кызматка 2011-жылдын 1-декабрында киришкен. Быйыл 15-октябрдагы шайлоону жеңген Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат.

Новости по дате