http://ktrk.kg/Жээнбеков Россиянын президенти Путин менен жолугушту

Жээнбеков Россиянын президенти Путин менен жолугушту

29 Нояб 2017 , 16:29 2791

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы эл аралык иш сапарын Орусияга жасады. 

Анын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулар өтүп, анда лидерлер өз ара кызматташтыкты арттыруу, эки өлкө ортосундагы мындан аркы биргелешкен иштердин ишке ашырылышы тууралуу маселелерди талкуулашты.

Орусияга болгон иш сапарынан кийин өлкө башчысы башында турган делегация 30-ноябрда Минск шаарында ЖККУ саммитине катышат.



Новости по дате