http://ktrk.kg/Жаңы жылга карата жаңы бала бакча белекке берилди

Жаңы жылга карата жаңы бала бакча белекке берилди

14 Дек 2017 , 3:37 1884

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бала бакча 140 балага ылайыкталганы менен учурда 410 баланы кабыл алууга мажбур. Анткени, Көлмө конушунда мындан башка бала бакча жок. Буга чейин аймактын балдары айла жогунан башка айылдарга же жеке менчик бакчаларга барып турган.

 Балдар 8 тайпага бөлүнгөн. Бакчада атайын иштелип чыккан программанын негизинде наристелерди мектепке даярдоо жүргүзүлөт.

Бакчанын курулушу 1993-жылы башталып, каражаттын жоктугунан токтоп турган. 2015-жылы Бишкек шаарынан жана республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, 18 айдын ичинде толук бүткөрүлгөн.

Кыштын ызгаарында жарык өчпөшү үчүн өзүнчө көмөкчордон коюлган. Балдар аянтчасы да курулуп, бакчанын айланасы жашылдандырылган.



Новости по дате