http://ktrk.kg/Борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында башкы балатынын чырактары жанды

Борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында башкы балатынын чырактары жанды

15 Дек 2017 , 17:07 1847

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында башкы балатынын чырактары жанды. Мэрия быйылкы Жаңы жыл майрамдарына карата аянтты, борбордук көчөлөрдү жасалгалоо жана майрамдык иш-чараларды уюштурууга 3 жарым миллион сомго жакын каражат бөлгөн.     

Башкы балатыга салтанаттуу түрдө 15-декабрда саат жетиде жарык берилди. Борбордук аянтты шаңга бөлөгөн жаңы жылдык балатынын бийиктиги 25 метрге жетет. Ага 1 миңдей оюнчуктар жана 40 миңден ашуун түркүн чырактар оролуп кооздук берип турат. Шаар бийлиги бир канча убакыттан бери балатыны кооздоо менен алектенген.

Ошондой эле мэрия бул жылы “Ала-Тоо” аянтындагы 3 миң чарчы метрге жана айланасындагы көчөлөргө дагы чырак илип чыккан. Бул көрүнүш жаңы шаар тургундары менен келген конокторго майрамдык маанай тартуулайт.

Жаңы жылга карата жалпы Бишкек шаары боюнча ар кандай көлөмдөгү 15 балаты коюлат. Андан тышкары, борбордук көчөлөргө баннерлер илинип, соода борборлордун бети дагы жасалгаланмакчы. Шаар бийлиги мекемелер арасында эң мыкты жасалга боюнча сынак да жарыялаган. Майрамдык балаты ар бир облус жана райондордун борборлоруна орнотулат. 


Новости по дате