http://ktrk.kg/НТС телеканалындагы абал

НТС телеканалындагы абал

20 Дек 2017 , 17:35 2192

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

20-декабрда белгиленген убакытта сот аткаруучулар милиция жана прокуратура кызматкерлери болуп НТС телеканалына келип, мүлктөрүн каттоого ала баштады. Алар  теле компанияга таандык мүлктү камакка алуу боюнча Бишкек райондук сотунун чечими чыккан күнү келгенин, тактап айтканда чечим 19-декабрда кабыл алынганын билдирген.

Талдоочулардын баамында каналдын айланасындагы жагдай - бул чарбалык өңүттөгү тараптардын талашы, сөз эркиндигине карата чектөө белгилери байкалбайт деген пикирде.

Айрым саясат таануучулардын божомолуна караганда талаш-тартышка мамлекет гана чекит коё алат.

Сот аткаруучулар жумушун улантууда. Ал эми телеканалдын берүүлөрү үзгүлтүккө учураган жок.



Новости по дате