http://ktrk.kg/Бишкекте химиялык каражатка бир наристе ууланды

Бишкекте химиялык каражатка бир наристе ууланды

26 Дек 2017 , 8:17 2046

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги жеке менчик бала бакчалардын биринен химиялык каражатка бир наристе ууланып, оорукана жеткирилди. Мындай маалыматты санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдирди. 

Окуяга байланыштуу Бишкек шаардык мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун адистери укук коргоо органдары менен биргеликте бакчаны текшерип чыкты. Анын жыйынтыгы менен менчик бала бакча жабылды. Себеби, анын тиешелүү документи жок эле иштеп келе жаткан. 

Муну менен катар химиялык каражаттарды сактоо көзөмөлдөнбөйт жана тамак-аш даярдоо шарты талапка туура келбегени, балдарды кабыл алуу жана медициналык тейлөө жагы жолго салынган эмес. 

Ошондой эле, кызматкерлердин жарымы медициналык китепчеси жок иштеп жүргөнү да аныкталган. Ал эми баланын ууланышы боюнча факт укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.


Новости по дате