http://ktrk.kg/Кыргызстандын энергетика тармагы жыл жыйынтыгын чыгарды

Кыргызстандын энергетика тармагы жыл жыйынтыгын чыгарды

27 Дек 2017 , 16:44 16206

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын энергетика тутуму жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул тармактын жетекчилери маалымат жыйын өткөрүп бир жылда жасалган жумуштары, алдыдагы пландары менен бөлүштү. 

Өлкөдөгү бардык энергетикалык компаниялар бир жерге бириктирилип, 2015-жылы энергохолдинг болуп түзүлгөн. Эки жылдан бери көп иштер жасалды, өзгөчө узап бара жаткан жыл жемиштүү болду.

Керектөөчүлөрдү электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо аракетинде бир катар көмөк чордондор толугу менен жаңыланды. Башка дагы ири долбоорлор ишке ашкан. Үзгүлтүксүз камсыздоо демекчи, калың түшкөн кардын алгачкы күнү эле Бишкек жана Токмок шаарларында, Чүй менен Талас облустарында электр өчүрүүлөр катталды. Адистер авариялык абал жаандан карга айланган аба-ырайына байланышуу деп түшүндүрдү. Соңку жылдары мурункудай маал-маалы менен өчкөн жарык жокко эсе. Бул тармак азыркы тапта бир калыпта иштөөгө өткөн.


Энергетиктердин жумушу ушуну менен эле токтоп калган жок. Бул чөйрөдөгү адистер алдыда ГЭСтерди жаңылоого, союздан бери иштеп келе жаткан жабдууларды, жалпы системаны замандын талабына шайкеш келтирүүгө камынууда. 



Новости по дате