http://ktrk.kg/Бишкек шаарында мэрдин жаңы жылдык балатысы болуп өттү

Бишкек шаарында мэрдин жаңы жылдык балатысы болуп өттү

29 Дек 2017 , 12:09 4920

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаардык мэриясынын балатысы болду. Ага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мыкты окуган төрт райондон миңдей мектеп окуучулары чакырылган. 

Келген конокторго “Таберик”музыкалык балдар театры “Жаңы жыл - кайра жаңылануу” деп аталган концертин тартуулады. Алгач кыздар заманбап бийин бийлеп, кийинчерээк жомокко өтүштү. Орус, шаман, кытай, индия жана кыргыз улуттук кийимин кийишип, улуттук бийлер бийленди. 

Мында азыркы коомчулукту элестүү жашоодон алыстатып,чыныгы турмушка үндөө мааниси камтылган.  

Концерт жогорку уюшулгандык менен өтүп. Залда отурган балдардын көпчүлүгү шаңга бөлөнүп, сахнадагыларды коштоп бийлешти. 

Соңунда ар бир окуучу калаа жетекчисинин жаңы жылдык белектерине ээ болду.


Новости по дате