http://ktrk.kg/“Дарак ыры” тарыхый кино-дастаны 1-марттан тартып элге көрсөтүлө баштайт

“Дарак ыры” тарыхый кино-дастаны 1-марттан тартып элге көрсөтүлө баштайт

16 Янв 2018 , 9:21 5402

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул кыргыз киносунун тарыхындагы мюзикл жанрында тартылган биринчи фильм. Тарыхый кино-дастанга миңден ашык актер, актрисалар тартылды. Азыркы тапта фильм монтаждалып жатат. Миңден ашык актер, 200дөн ашуун комплект улуттук кийимдер. Кино-дастанды тартуу көп түйшүктү талап кылган. Кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу тартылган “Дарак ыры” тарыхый кино-дастаны Сарала-Саз, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сары-Ой, Кажы-Сай, Суусамыр, Өтмөк жайлоолорунда жана Бишкектин чет жакаларында 2 жарым айда тартылып бүткөн.

Бул студияда акыркы иштер, тактап айтканда фильмди топтоо процесси жүрүп жатат. Топтоочусу Элдияр Мадаким. Кадрларда тоолор, кең жайлоолор, ат жалында ойногон жигиттер, насаатын ыр менен айткан ак сакалдарды көрүүгө болот. Айтмакчы, фильмде колдонулган ырларды Марат Ибраев, Нурчолпон, Адилет Азимов, Таалайкан Абазова, Мээрим Карыповалар ырдаган. Кино-дастанда XVIII - кылымдын аягында болгон окуялар чагылдырылат.

Башкы ролдорду Темирлан Сманбеков, Өмүрбек Израилов, Жылдызбек Касеинов, Салтанат Бакаева, Илимбек Калмуратов сыяктуу актёрлор жараткан. Роль жаратуучулардын арасында казак актерлору дагы бар. Коомдук Биринчи канал “Дарак ыры” тасмасынын башкы медиа өнөктөшү. Бул фильм Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азиянын кино тармагында жаңылык болууда. Фильмдин негизги идеясы - адам менен жаратылыштын байланышы. Негизги тема: сүйүү. Тарыхый кино-дастандын премьерасы 1-мартка белгиленген.

Новости по дате