http://ktrk.kg/Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны өсүүдө

Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны өсүүдө

17 Янв 2018 , 8:02 5208

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2017-жылы Москвада кароосуз калган кыргызстандык 15 ымыркай мекенине жеткирилди. Бирок алардын көпчүлүгүнүн ден соолугу начар.  Ал эми Бишкек шаарындагы балдарды жана уй бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун маалыматына ылайык, азыркы күндө кароосуз калган ымыркайлардын саны 48ге жетти. 

Кыргызстанга мындай ымыркайлар 2016-жылы былтыркыга салыштырмалуу көбүрөк алынып келген. Мындан сырткары белгилүү себептерден улам, ата-энесинин камкордугунан айрылган наристелер борборго жеткирилет. Тактап айтканда, селсаяктардан жана ошондой эле, ата энеси ичкиликке берилип кеткен учурда, соттун чечими менен балдар үйүнө өткөрүлөт. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи Радио"


Новости по дате