http://ktrk.kg/Курак - 2018-жылдын модасындагы башкы элементине айланды

Курак - 2018-жылдын модасындагы башкы элементине айланды

17 Янв 2018 , 17:03 7852

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Курак - 2018-жылдын модасындагы башкы элемент болот. Ушул себептен кыргыздын сарамжалдуулугун мүнөздөгөн бул кол өнөчүлүктү үйрөнүүгө агылган кыз-келиндер, курактын элементтери менен көрпө-төшөк, белдемчи, көшөгөлөрдү гана эмес, асем буюмдарды да жасоону үйрөнүп жатышат. Кездеменин өөнүн эп кылган куракчылыкты жайылтууда Бишкекте бир нече чеберканалар иштеп жатат.

«Каттама курак», «айырма курак», «бөрү көз курак», «турна курак», «каркыра курак». Уздардын кылдаттыгын сынаган түрү “кунаба курак” деп аталат. “Кунаба куракты” жаратыш үчүн чеберлер ширеңкенин чийининдей ипичке өөндү бириктирип чыгышы керек. Ошондуктан, айрым кол өнөрчүлөр муну “тажатма курак” деп да атап жүрүшөт. “Чий куракты” да арбын колдонгон уздар бар.


Новости по дате