http://ktrk.kg/Чычкан дарыясында күйүүчү май ташыган унаа сууга түшүп кетти

Чычкан дарыясында күйүүчү май ташыган унаа сууга түшүп кетти

22 Янв 2018 , 9:14 1523

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

21-январга караган түнү Бишкек — Ош жолунда "Фредлайнер" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа Чычкан дарыясына кулап, бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда айдоочу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. 

Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, экөө жаракат алган. Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, унаадан жабыркагандарды жана каза болгон адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Ошондой эле унаада 38 тонна бензин болгону айтылды.

Новости по дате