http://ktrk.kg/ "Кентавр" тасмасы Франциянын кинотеатрларында көрсөтүлөт

"Кентавр" тасмасы Франциянын кинотеатрларында көрсөтүлөт

26 Янв 2018 , 9:56 7154

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

31-январдан тарта кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Франциянын кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Маалыматка караганда, тасма 30дан ашуун кинотеатрларда көрсөтүлүп, DVD дискке чыгарылуусу күтүлүүдө. Буга чейин режиссер Франциянын бир нече кинотеартларында бет ачар алдындагы көрсөтүүлөргө катышкан. 

Билдирүүдө Париж шаарында эң мыкты делген кинозалында тасманы эл алдына "Такси", "Васаби", "Жанна д"Арк" тасмаларынын режиссеру Жерар Кравчик алып чыкканы айтылат. 

Ошондой эле "Кентавр" 6-февралда өтө турган Европадагы Азия киносунун Везуль фестивалын жабуучу тасма катары чакыруу алды. Эске салсак, "Кентавр" Германияда 28-декабрдан тарта көрсөтүлө баштаган. Ал Лейпциг, Дрезден, Гамбург сыяктуу 41 шаардын 47 кинотеатрында көрсөтүлөрү айтылган.



Новости по дате