http://ktrk.kg/Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону убактылуу токтотту

Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону убактылуу токтотту

27 Янв 2018 , 0:47 17412

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ар арада Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону убактылуу токтотту. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынан кабарлашкандай, мындай кадам "катуу суук болот" деген эскертүүлөргө байланыштуу жасалды. 

Макулдашууга ылайык 2017-жылдын декабрынан тарта Өзбекстанга электр энергиясы экспорттолуп келет. Учурда экспорттун көлөмү 100 мегаВаттка төмөндөтүлүп, түшкөн сууктан улам экспортту токтотуу маселеси каралды. Мындай чечим күз-кыш мезгилинен өтүү боюнча штабдын жыйында кабыл алынды. 

Ошондой эле, Бишкек Жылуулук Электр Борборунда жылуулук резервдери даярдалды. Маалым болгондой, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү он алты жарым млрд кубометрден ашат. Бул иштин мерчемделген тартибине дал келет.


Новости по дате