http://ktrk.kg/Бишкек ЖЭБинде абал кандай?

Бишкек ЖЭБинде абал кандай?

27 Янв 2018 , 17:44 17687

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда Бишкек ЖЭБинде 26-январда болгон аварияны калыбына келтирүү үчүн адистер колдон келишинче ыкчам иштеп жатышат. Бул тууралуу жеринде жагдай менен таанышкан шаар мэри Албек Ибраимов маалымат жыйында билдирди. Ал кырдаал 6-7 сааттын ичинде жөнгө салынарын болжоп жатканын, тиешелүү комиссия түзүлгөнүн айтып өттү.

Маалымат жыйында сөз сүйлөгөн Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчиси Айбек Калиев авария ЖЭБдин эски мештеринде болгонун айтып, жаңы салынган станция эч нерсе болбой, кадимкидей эле шаардыктарга кызмат кылып жаткандыгын билдирди.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев таң эрте улуттук госпиталга барып, ал жердеги ооруканалардын жылуулугун текшерип келди. Министр жылуулукту сактоо боюнча ал жердеги жетекчилерге тапшырма берилгендигин айтып, кырдаал кыйындап баратса имаратты жылуу кармай турган ыкчам чаралар көрүлө тургандыгын айтты.



Новости по дате