http://ktrk.kg/С.Жээнбековго  жылуулук борборундагы абал тууралуу маалымат берилди

С.Жээнбековго жылуулук борборундагы абал тууралуу маалымат берилди

29 Янв 2018 , 5:46 13151

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту. Мамлекет башчысы Бишкек Жылуулук электр борборундагы учурдагы абал тууралуу маалыматты укту.

Сапар Исаков борбор шаардын ЖЭБинин ишин кайра калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. 

Мамлекет башчысы Жылуулук борборундагы оңдоо-кайра калыбына келтирүү иштерин кылдаттык менен көзөмөлдөө, жылытуу мезгилинде калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Сооронбай Жээнбеков социалдык мекемелерди жылуулук менен камсыздап, жаралган көйгөлөргө ыкчам тартипте көңүл буруп, калкка Жылуулук электр борборунда болуп жаткан абал боюнча толук кандуу маалымат берилишин талап кылды.




Новости по дате