http://ktrk.kg/Айрым судьяларга кемчиликтерин жоюу талабы коюлат

Айрым судьяларга кемчиликтерин жоюу талабы коюлат

15 Фев 2018 , 7:00 15664

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Областтардагы айрым судьялар кемчиликтерин жоюушу керек. Аны Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева түштүк облустарында соттордун жыл жыйынтыктоочу кеңешмелеринде билдирди. Төрайым жергиликтүү соттордун судьяларына сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөөнү жана ишти кароону негизсиз создуктурбоону талап кылды. 

Токбаева каралган иш боюнча соттук актыларды sot.kg порталына жайгаштырууга судьялар милдеттүү экенин эскертти. Мындан тышкары төрайым башкармалыктардын башчыларына республикадагы соттордо калк үчүн бардык шарттарды түзүп берүү, күтүү залдарын, жашы жете электер үчүн бөлмөлөрдү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сотторго кирүүсүн камсыз кылуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди. Жыйынтыгында, коррупцияга жол бербөө, судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосун эскертти.


Новости по дате