http://ktrk.kg/Күйүүчү май ташыган унаа “Чычкан” суусуна кулап, толугу менен күйүп кетти

Күйүүчү май ташыган унаа “Чычкан” суусуна кулап, толугу менен күйүп кетти

19 Фев 2018 , 9:49 6241

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, күйүүчү май ташыган унаа “Чычкан” суусуна кулап толугу менен күйүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 11лерде Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында  "Рено" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп толугу менен күйүп кеткен. 


Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Унаада 35 тонна бензин болгон. 
Окуя болгон жерге ӨКМнин куткаруу тобу тартылган.


Новости по дате