http://ktrk.kg/ЖЭБ: бир катар кызматкерди жумуштан алып, айрымдарына сөгүш жарыялоо сунушталды

ЖЭБ: бир катар кызматкерди жумуштан алып, айрымдарына сөгүш жарыялоо сунушталды

19 Фев 2018 , 9:59 11681

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеген мекемелер аралык комиссия бир катар кызмат адамдарын иштен алып, айрымдарына сөгүш жарыялоону сунуштады. Комиссиянын жыйынында кырсыкка энергетика тармагынын жетекчи жамаатынын ишти талаптагыдай аткарбашы себеп болгону белгиленди.

Ага ылайык Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчиси Айбек Калиевге, анын орун басары Нурлан Садыковго, ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморовго, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчисинин орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш жарыялоону, “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаевге сөгүш жарылоону сунуштады. 

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго “тартиптик чара көрүлүшү керек” деген чечим чыгарылды. 

Комиссия мындан сырткары Жылуулук электр борборунун башкы инженери баштаган жана “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун техникалык директору баш болгон бир катар кызмат адамдарын иштен алып, айрымдарына сөгүш жарыялоону да корутундуга кошту. Сунушту эми Премьер-министр карап, чечим кабыл алат. Эске сала кетсек 26-январда болгон авариядан улам Бишкек шаарына жылуулук 5 күн боюу берилбей калган.


Новости по дате