http://ktrk.kg/Бишкек ЖЭБиндеги абалды атайын комиссия иликтеп чыкты

Бишкек ЖЭБиндеги абалды атайын комиссия иликтеп чыкты

19 Фев 2018 , 17:34 11953

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеген мекемелер аралык комиссия энергетика тармагынын бир катар жетекчилерине сөгүш берүүнү сунуштады. Ошондой эле ЖЭБ менен “Электр станциялары” ишканаларынын айрым кызмат адамдары иштен алынышы мүмкүн. Комиссия корутундусунда энергетиктер кышка жетиштүү даярдык көрбөгөнүн баса белгиледи. 

Бишкек жылуулук борбору катуу суукка даяр болгон эмес. Дал ушундай корутунду чыгарган мекемелер аралык иликтөө комиссиясы жаңы блокту ишке киргизүү үчүн химиялык тазалоодон өткөн тузсуз суунун тартыштыгы көйгөй жаратканын жарыялады. Канчалык аракет жасалбасын, жамааттын авариянын кесепетин жоюга жасаган аракети жетишсиз болгон. Иш бирдиктүү, натыйжалуу башкарылган эмес.

Жылуулук электр борборунун жетекчилигинин гана энергетикага тиешеси бар башка кызмат адамдарынын да жоопкерчилиги каралган.

Ошондой эле “Электр станциялары” ААК Техникалык директору, Гидртехникалык кызматынын башчысы жана эксплуатация, оңдоо иштерине жооптуу кызмат адамын иштен четтетүү да корутундуга кошулду.

Бул сунуштар өкмөт башчысына жолдонот. Комиссиянын курамында көз карандысыз эксперттер да иш алып барган. Адистердин баамында январдагы окуя энергосистеманы дагы жаңылоо зарылчылыгын көрсөттү. Айрымдар тариф саясатын кайра карап чыгууну сунуштаса, кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл буруу керектиги да белгиленди.

Январдагы көрүнүштүн кайталанбашы үчүн Жылуулук электр борборун жакшыртууга жети жүз отуз миллион сом жумшалат. Бул каражатка от казандары оңдолоору күтүлүүдө. Мындан сырткары келечекте ЖЭБдин химиялык цехин жаңыртып, өрт коопсуздугуна да көңүл бурулат.

Новости по дате