http://ktrk.kg/Кадамжайда унаа сайга кулап, эки адам жаракат алды

Кадамжайда унаа сайга кулап, эки адам жаракат алды

21 Фев 2018 , 8:18 8589

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

21-февралда таңкы саат 4:00 чамасында Кадамжай шаарынын Аңкур-Сай участкасында оор жүк ташуучу унаа сайга түшүп кетти. Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсыгы Кадамжай - Бүргөндү жолунда катталган. Унаанын ичиндеги эки адам жеңил жаракат алган. 

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын билдиргенине караганда, аталган участкада болгон кырсыктар жол аркылуу өткөн көпүрөгө байланыштуу. Айдоочулар катуу ылдамдыкта келе жатып, чукул бурулуштан башкарууну жоготуп, соолуп калган сайга түшүп кетет. Ушул жылы эле бул участкада 27 киши каза таап, дагы бир топ адам жаракат алышкан. Адистер коопсуздукту сактоо иретинде жолду башка участокко жылдыруу керектигин айтышат.



Новости по дате