http://ktrk.kg/Бишкек жылуулук борборун иликтеген депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартылды

Бишкек жылуулук борборун иликтеген депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартылды

26 Фев 2018 , 8:49 11570

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек жылуулук борборун иликтеген депутаттык комиссия 1-апрелге чейин иштейт. Алардын иш мөөнөтү узартылганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет. Буга материалдардын көптүгү себеп болгон. 

Эске салсак, быйыл 26-январда Бишкек жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берүү төмөндөгөн. 

Авария боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кырдаалдын чоо-жайын парламентте депутаттык, өкмөттө мекемелер аралык комиссия иликтей баштаган. 




Новости по дате