http://ktrk.kg/Аксы окуясына 16 жыл

Аксы окуясына 16 жыл

17 Март 2018 , 9:35 1023

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2002-жылы 17-мартта Аксыда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыккан элге ошол кездеги бийлик ок атып, алты киши курман болгон. 

Аксы трагедиясы Кыргызстандын тарыхында саясий нааразычылык менен массалык түрдө бийликтин иш-аракетине каршы болгон эл өз талаптарын коюп чыккандардын мүчөлөрүнүн өлүмү менен аяктаган. Анын натыйжасы кандуу болгону менен, элдин аң-сезиминде өзгөрүү жаратып, кийинки олуттуу окуяларга өбөлгө болгон.


Президент Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жайгашкан 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун Эстелигине гүл койду.

Новости по дате