http://ktrk.kg/Кемероводогу өрттөн каза болгондордун саны алтымыштан ашты

Кемероводогу өрттөн каза болгондордун саны алтымыштан ашты

26 Март 2018 , 16:27 9557

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кемероводогу өрттөн каза болгондордун саны алтымыштан ашты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирет. Өрт курмандыктары тууралуу сандар улам өзгөрүп жатат. Дайынсыз жоголгондордун саны 11 адам экени айтылууда. Учурда издөө-куткаруу иштери улантылууда. Болжол менен 1 миң 500 чарчы метрден көп аянт өрттөнгөн. 

Тилсиз жоо шаардагы "Зимняя вишня" соода комплексинин төртүнчү кабатындагы оюн-зоок борборун каптаган. Соода борборунда өрт эмнеден чыкканы белгисиз, төрт киши камакка алынганы айтылууда.


Новости по дате