http://ktrk.kg/Эски өкмөт Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча эмне дейт?

Эски өкмөт Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча эмне дейт?

2 Апр 2018 , 12:05 8732

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек жылуулук электр борборунда болгон авариянын модеринизацияга эч тийешеси жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги абалды иликтөөгө алган депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумунда белгилүү болду. 

Бул жолку отурумга мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов, Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимовалар келди. Мындан сырткары ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова да чакыртылган, бирок алар олуттуу себептерден улам келген эмес. 

Депутаттар чакырылгандарга  ЖЭБди жаңылоо боюнча ТВЕА менген  келишим, аны каржылоо, борбордогу авария маселери боюнча бир катар суроолорун узатты. Буга чейин Бишкек ЖЭБди модеринизациялоодо материалдар менен жабдуулардын кымбат баада сатылып алынышы коомчулукта чоң талкууну жараткан.Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате