http://ktrk.kg/Бишкек шаарынын төрт жаңы конушу көгүлтүр от менен камсыз болду

Бишкек шаарынын төрт жаңы конушу көгүлтүр от менен камсыз болду

18 Апр 2018 , 15:11 766

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул жылы Бишкек шаарынын төрт жаңы конушуна, Чүй облусундагы Токмок, Кант шаарлары жана Сокулук айылына газ түтүктөрү толук орнотулуп, керектөөчүлөр көгүлтүр от менен камсыз болушат. Бул тууралуу “Газпром-Кыргызстан” компаниясынын 2017-жылдагы ишмердигинин жыйынтыгы жана 2018-жылдарга карата пландар тууралуу өткөн маалымат жыйында белгилүү болду. 

Компания жетекчилери мындан сырткары “Газпром-Кыргызстандын” социалдык программалары, күйүүчү майлоочу каражаттар менен камсыз кылуу пландары тууралуу айтып беришти.


Новости по дате