http://ktrk.kg/Борбор калаадагы жол оңдоолор тыгындарды көбөйтүүдө

Борбор калаадагы жол оңдоолор тыгындарды көбөйтүүдө

23 Апр 2018 , 16:35 624

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы жолдор курулуп, эскилери оңдолуп жатса да, ордо калаада жол тыгыны дагы деле азайган жок. Учурда борбор шаардын көчөлөрүндөгү массалык түрдө аң-чөнөктөрдү жамап-түздөө иштери жүрүп жатканы да унаа тыгындарын убактылуу пайда кылып, шаардыктарды ого бетер убайымга салды.

Быйылкы жол оңдоо иштери борбордук көчөлөргө дал келгендиктенби айтор быйылкы жол ремонт иштерине нааразы болгондор көп. Көпчүлүк жолдор жабылып, оңдоло баштагалгандан бери - ансыз да жол тыгындан кыйналган шаар ичи, ого бетер башаламан болуп жатып калды.Жолдордун көбүн жаап салып, кыска убакытта бүтө калабыз деген мэриянын аракет, акыбети кайтпай жатат. Дегенибиз белгилүү убакыт ичинде бүтүп эксплуатацияга беребиз деген көчөлөр, алигиче бүтпөй турат.

Белгиленген убакыттан артта калуунун себептери көп. Мэрия кызматкерлери кабарлагандай, буга бир чети аз айлыка туруштук берип иштеп жаткан жолчулардын иш таштап кетип жатканы себеп болсо, экинчи жагынан жолдун чекесине коюлуучу тосмолор менен убагында камсыздалбай жаткандыгы. Ал эми ремонт ишине эртеден бери көз кырын салып турушкан шаардыктардын божомолу бир аз башкачараак.

Ал ортодо Бишкек мэриясы быйыл ордо калаада жол оңдоо иштери болуп көрбөгөндөй масштабдуу болуп жатканын белгиледи. Албетте арасында шаардыктар үчүн жаралып жаткан ыңгайсыздыктар бар, бирок анын баарына айла жоктон чыдап туруш керек болуп турат. 

Ошентип мурда электр жарыгы өчүп, жол чырактары иштебей калган учурда же, кандайдыр бир жол кырсыгы катталган маалда гана болчу жол тыгындары, учурда күн сайын көнүмүш адатка айланып, шаардыктарды жүдөтүп бүттү. Айрым убактарда жол тыгыны жүргүнчүлөрдүн жарым сааттан бир саатка чейинки ашыкча убактысын алат.



Новости по дате