http://ktrk.kg/Ош-Бишкек жолунда жүрөктүн үшүн алган кырсык катталды

Ош-Бишкек жолунда жүрөктүн үшүн алган кырсык катталды

3 Май 2018 , 4:55 2639

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош—Бишкек жолунда жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 адам каза болду. 

Алардын айтымында, бүгүн, 3-майда болжол менен саат 06:30 чамасында Жалал-Абаддагы Кудук-Сай айылынын жанында «Степвагон» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыкка учурап, 23-24 жаштагы эки кыз жана бир эркек киши каза болгон. Баары тең баштарынан жаракат алышкан.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, аталган унаа жол жээгиндеги эки бакты катары менен сүзгөн. Айдоочунун айтымында, Жыйырманчы айылынан Кара-Көл шаарын көздөй бара жаткан.


Новости по дате