http://ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков жардамга муктаж балдардын абалынан кабар алды

Сооронбай Жээнбеков жардамга муктаж балдардын абалынан кабар алды

1 Июнь 2018 , 16:17 1646

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоочу адистештирилген борборго барды.

Өлкө башчысы анда балдар үйүнүн имаратын карап чыгып, балдарды тарбиялоонун шарттары менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашты. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары мамлекет башчысы үчүн чакан концерт көрсөтүштү. 

Иш-чарада президент балдарга атайын белектерин тапшырып, ошондой эле Балдар үйүнүн имаратын оңдоп-түзөөгө 500 миң сомдук сертификат берди. Баарлашуу учурунда Президент Сооронбай Жээнбеков балдарды тарбиялап, багып, аларга мээримин төгүп, мекенге кызмат кыла турган балдар-кыздарды өстүрүп жаткан тарбиячыларга ыраазычылык билдирди. 

Балдар үйү - жетим балдардын, багуусуз калган жана физикалык жактан мүмкүнчүлүгү бар балдар үчүн саламаттык сактоо системасынын реабилитациялык-тарбиялоочу мекемеси. Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоочу адистештирилген Борбор 110 балага эсептелип, анда жаңы туулгандан тартып, 4 жашка чейинки балдар тарбияланат.


Новости по дате