http://ktrk.kg/Шаардын белгиленбеген аймактарына таштанды ыргыткандарга көзөмөл күчөтүлдү

Шаардын белгиленбеген аймактарына таштанды ыргыткандарга көзөмөл күчөтүлдү

7 Июнь 2018 , 16:30 5370

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы шаар көркүн бузгандарга жана белгиленбеген аймактарга таштанды ыргыткандарга көзөмөлдү күчөттү. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен дал ушундай кадамдарга баргандарга 4 миңден ашык эскертүү кагаздары берилген болсо, натыйжада 2 млн сомдон ашык айып шаардын бюджетине которулган.


Айрым шаар тургундары үйлөрүн ремонттогондон кийин курулуш таштандыларды убагында тазалап коюуну унутта калтырышкандай. Негизинен андан чыккан таштандыларды чыгарып кеткичекти бир-эки күнгө минтип жолго чыгарып коюуга уруксат берилет. Бирок бул сиздер көрүп турган таштандынын турганына кеминде 2-3 ай болгонун, үстүнө өсүп чыккан чөптөрдөн эле байкоого болот.

Эркиндик булварындагы көчө көркүн бузган таштанды 211-үйгө таандык. Муну дарбазасын ачып жооп берген кожейке өзү деле танган жок. Бирок квартал башчысынан уруксат сураганын билдирип, шарт болгон учурда тазалап коебуз деген жообун айтты.

Көчө жээгине курулуштан чыккан таштандыларды үйүп койгон учурлар ордо калаада көп. Гагарин менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан обьекттегилер, таштандылары менен кошо курулуш материалдарын так жөө адамдар басып өтүүчү тротуарды бөгөп төгүп койгон.



Новости по дате