http://ktrk.kg/Балдардын жайкы эс алуусу кандай өтүүдө?

Балдардын жайкы эс алуусу кандай өтүүдө?

12 Июнь 2018 , 12:23 3971

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Окуучулардын жайкы эс алууга чыкканына он күндөн ашты. Ар бир ата-эне баласынын жыл мезгилиндеги эң узак өргүүсүнүн эсте каларлык, пайдалуу өтүүсүн каалайт. 

Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте быйыл да 500гө жакын мектеп алдындагы бир айлык лагерлерди уюштурду. Анда 120 миңден ашуун окуучу эс алууда. Мындан сырткары, жүздөгөн балдар топ-тобу менен шаар сыртындагы лагерлерде он күндүк эс алууларды өткөрүшөт. 


Рахат жыл сайын жайкы эс алуусун пайдалуу өткөрүүгө аракет кылат. Натыйжалуу убакыт өткөрүүнүн бир жолу балдар лагери, - дейт ал. Мектеп алдындагы лагерлер балдар үчүн каалгасын 6-июнда ачкан. Анда 12 жашка чейинки мектеп окуучулары 6 сааттык эс алуудан өтүп жатышат. Ал эми балдардын атайын эс алуу жайлары июль айынан тарта ишин баштайт. Ысык-Көл облусунун окуучулары мындай лагерлердин ачылышын чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

Нарында атайын жайкы лагерлер жок. Бирок убактылуу эс алуу уюштурулган. Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун Сары-Тал жана Сары-Жыгач жайлоолору быйыл балдарды экинчи жолу кабыл алат. 

Нарын районунун Миң-Булак айылына караштуу «Ак-Ордо» коомдук уюму тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Долон ашуусунда жайлоо өнүгүү борбору уюштурулуп жатат. Ошондой эле китепканалардын базасында кыска мөөнөттөгү балдар борборлору ачылууда.

 




Новости по дате