http://ktrk.kg/ТЭЦде түтүктөрдү текшерүү иштери жыйынтыкталды

ТЭЦде түтүктөрдү текшерүү иштери жыйынтыкталды

17 Июнь 2018 , 16:23 6401

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек ЖЭБинин аймагында аргыштаган суу асманды көздөй фонтан сымал атылды. Күбөлөрдүн айтымында, алгач унаанын дөңгөлөгү жарылгандай үн угулган. 

Окуянын видеосу социалдык тармакка жүктөлүп, күн мурун кечки саат алтылар чамасында болгону айтылууда. Тасмадан бийиктиги беш кабаттуу үйгө жеткидей суу атып жатканын көрсө болот. "Улуттук энергохолдингдин" маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева бул пландык иш-чара экенин билдирди. 

"Бишкекжылуулук" тармагы мындай жол менен түтүктөрдүн жогорку басымга чыдамдуулугун, түтүктөрдө жараканын бар-жогун текшеришет. Бул башкарылуучу көзөмөлгө алынган процесс. Эч кандай штаттан сырткары жагдайлар болгон жок", — деди Айдаралиева.

 Учурда бардык сыноолор токтотулду.



Новости по дате