http://ktrk.kg/Күндүн темасы: Күйүүчү майлардын баасын кармап калуучу кандай рычагдар бар?

Күндүн темасы: Күйүүчү майлардын баасын кармап калуучу кандай рычагдар бар?

18 Июнь 2018 , 7:54 736

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы эки айдын ичинде өлкөдөгү күйүүчү майга болгон баа жогорулап, күн санап кымбаттоодо. Бул Россия менен Казакстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы менен түшүндүрүлөт. Учурда жайкы курулуш иштери, айыл чарба иштери кызуу жүрүп турган кезде күйүүчү майга болгон бааныны көтөрүлүшү албетте оорчулук алып келээри анык. 

Бүгүн "Күндүн темасында" ушул багытта маек жүрдү. Алдыдагы айларга кандай божомол бар? Күйүүчү майлардын баасын кармап калууга кандай аракеттер көрүлөт? Кандай рычагдар бар?


Уктурууга Кыргыз өкмөтүнүн өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков, Нефтрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов, уктуруунун эксперти экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев катышты. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате