http://ktrk.kg/Кант шаарына жаратылыш газы берилди

Кант шаарына жаратылыш газы берилди

19 Июнь 2018 , 17:13 5235

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кант шаарынын тургундары дагы кылычын көтөрө келген суукта үйүн эми көгүлтүр от менен жылытууга жакшы шарт түзүлдү. Дегенибиздин себеби, Кант шаарынын жаратылыш газ жок тилкелерине көгүлтүр от берилди. 

Кант шаарынын тургундары бул күндү көптөн күткөн.

Буга чейин 3-кичи райондун жашоочулары жылуулук үчүн көмүр менен электр тогун колдонушчу. Төлөм да көп болчу. Көпчүлүк үй-бүлөлөр көмүр алыш үчүн насыя алган учурлар да болгон. Эми жаратылыш газы капчыкка да жеңил. Мисалы, 100 чарчы метр аянтты ээлеген үй 7 миң сом үнөмдөп калса болот.

Былтыр “Газпром Кыргызстан” компаниясы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 16 конушун газдаштырган. Бул үчүн 50 чакырым газ түтүгү тартылган. 


Новости по дате