http://ktrk.kg/ӨКМ: өлкө аймактарында 3-4-июль күндөрү мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт

ӨКМ: өлкө аймактарында 3-4-июль күндөрү мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт

2 Июль 2018 , 5:20 2147

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

3-4-июль күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши менен жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Новости по дате