http://ktrk.kg/Президент жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө "алтын сертификаттарды" тапшырды

Президент жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө "алтын сертификаттарды" тапшырды

3 Июль 2018 , 11:56 3769

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалпы республикалык  тестирлөө жогорку окуу жайларына кабыл алуу кампаниясын өткөрүүдө коррупциялык коркунучтарга каршы ийгиликтүү долбоор болуп калды.  Бул  тууралуу Президент  Сооронбай Жээнбеков жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу  учурунда  билдирди. 

Мамлекет башчысы "алтын сертификаттардын" ээлерине бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады. Ошондой эле "алтын сертификатка" ээ болгон 66  бүтүрүүчүнү куттуктап, ноутбук  жана бир жолку стипендия тапшырды. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы менен эстеликке сүрөткө түшүү болду.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гулнура Сманбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате