http://ktrk.kg/Ысык-Көлдө этно айыл ачылды

Ысык-Көлдө этно айыл ачылды

10 Июль 2018 , 12:55 1597

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында кылым карыткан кыргыз кереметтери - “Ата конушу” этно айылы туристтер үчүн эшигин ачты. Анда жети облустан келген кол өнөрчүлөр күз айларына чейин ишмердүүлүгүн жүргүзүшүп, элибиздин маданиятына, улуу мурастарына, руханий баалуулуктарына кайдыгер карабаган адамдардын башын бириктирип, илимий-практикалык сабактарды өткөрүшмөкчү. 

Мындан сырткары эс алуучуларга кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн даңазалап, муундан муунга өткөн устачылыкты, узчулук өнөрдү көрсөтүп байыркы кыргыз оймо-чиймелеринин эмгектери коюлган көргөзмөсүн уюштурушат. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө айрым экспонаттардын жүз жылдан ашык тарыхы бар.

Новости по дате