http://ktrk.kg/Аянтта жаңы жылга карата оюн-зоок уюштурулат

Аянтта жаңы жылга карата оюн-зоок уюштурулат

28 Дек 2015 , 18:00 576

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын мэриясы - калаа тургундары менен меймандарды 31-декабрь күнү жаңы жылды чогуу тосууга чакырат. Маалыматка ылайык, оюн-зоок саат 10до башталат, жомок каармандарынын автопоезди жүрүшкө чыгат.

Каармандар борбордук көчөлөрдө шаардыктарды куттуктап, Ала-Тоо аянтынан баштап - Чүй, Манас проспектилери, Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү менен айланып кайра аянтка келет. Бул учурда борбордук аянтта Аяз ата, Аяз кыз - келген коноктор менен интерактивдүү оюн өткөрүп, белек таратат.

Иш-чара концерттик программа менен коштолмокчу. Оюн-зооктун кечки бөлүгү саат 21.00дө уланып, чыгармачыл топтор майрамдык концерт тартуулайт. Сааттын жебеси түнкү 12ни какканда жаңы жылдык салют атылмакчы. Мындан тышкары, майрам күнү "Ала-Тоо" аянтынан шаардын чар тарабына коомдук унаа каттаарын мериянын коомчулук менен байланыш башкармалыгы билдирди.


Новости по дате