http://ktrk.kg/КТРК менен "Акнеттин" маселеси Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде талкууланды

КТРК менен "Акнеттин" маселеси Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде талкууланды

12 Июль 2018 , 4:18 6005

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Футбол боюнча дүйнөлүк мелдешти көрсөтүүдөгү КТРК менен "Акнеттин" маселеси бүгүн Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде талкууланды. Жолугушуу мамлекеттик мекеменин демилгеси менен болду. Сүйлөшүүлөр жабык эшик артында жүрүп, КТРКнын журналисттери түшүнүксүз себептерге шылтап жолугушууга киргизилген жок.

12-июлда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги КТРК менен "Акнет" компаниясынын өкүлдөрүн жолугушууга чакырды. Анткен менен чыгармачыл топ бул жыйынга катыша алган жок. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана жарнама башкармалыгынын башчысы Назина Алыкулова КТРКнын журналисттерине тартууга тыюу салды.

Мамлекеттик орган КТРКнын аракетинде атаандаштык тууралуу мыйзамды бузуунун элементтери бар деп эсептейт. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги маселеге 18-июлда кайрылууну туура көрдү. Ал эми "Акнеттин" адистери интервью берүүдөн да баш тартышты. 

Белгилей кетсек, 7-июлда Англия -Швеция беттеши жүрүп жаткан маалда "Акнет" өз тармагында КТРКны ФИФАнын коммерциялык эмес көрсөтүү тууралуу тартибин бузуп, олутту акча төлөөгө мажбурлап жатат деген кайрылуусун тараткан. Кийинчерээк ал сумма 250 миң сом экени белгилүү болду. Акнет өз абоненеттерине мажбурлоо чарасы баанын өсүүсүнө алып келмек деп түшүндүргөн. Бирок мындай пикирге экономисстер макул эмес. “Настоящее время” программасындагы сюжетте расмий эмес маалыматтарда Акнеттин 300 миңге жакын абоненти бар экени айтылды.

Компаниянын сайтында тарифтин наркы 315 сомдон 1600 сомго чейин деп жазылып турат. Провайдерден футбол боюнча дүйнөлүк мелдешти толугу менен көрсөтүүсү үчүн 250 миң сомго келишим түзүү сунушталган. 

“Булар жанагы маалымат менен эптеп элдин башын айлантып оздорунун баасын которгону жатат. Муну сот аркылуу чечүү керек”, - укук таануу илимдеринин магистранты Кубанычбек Идинов.

“Мен акнет аркылуу КТРК менен Ала-Тоо 24 ту гана көрөм. Азыр ордунда жок. Мен чалып 3-4 кундо проблемаңарды чечпесеңер силердин кызматтан баш тартам дедим. Мен акча төлөп жаткандан кийин мага сапаттуу тв керек. Эгерде талабымды аткарбаса мен Акнеттен кетем, мага окшогондор көп. Муну менен Акнет оз кардарларын эле жоготот. Мен эч кимисине тартпайм, талаш тартышты цивилдүү түрдө чечүү керек”, - экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев.

Социалдык тармактарда маселеде кайсыл тарап туура, кимисиники туура эместиги боюнча талкуу күчүндө. КТРК бул маселе боюнча өз көз карашын так билдирген. 

“Социалдык тармактарда биздин көптөгөн телекөрүүчүлөрүбүз жазып жатышат: Футболду сатып албай эле койсоңор болмок, Биз аны МАТЧ ТВдан эле көрсөкпүз деп. Андай көрүү мыйзамсыз. Алар пираттык ыкманы колдонуп, мыйзамсыз алышып, көрсөтүшөт”, - КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков.

КТРК болсо футбол мелдешин алып көрсөтүүдө эксклюзивдүү укукка ээ экенин “Кыргызпатент” тастыктоодо. Мекеменин катында Кыргызпатент 2018-жылдын 14-июнунда Коомдук канал менен Саран Эл аралык компаниясынын ортосундагы лицензиялык келишимди каттоого алганы жазылган. 

11-июлда Коомдук каналдын байкоочу кеңеши "Акнет" менен түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулуп, жыйынтыгында абал боюнча кайрылуусун жарыялады.
КТРКнын көзөмөл органы бул маселеде толугу менен Корпорациянын жетекчилигин колдоого алууда. 

КТРК маселени укуктук талаада чечүүнү көздөп жатат. "Акнет" компаниясы КТРК менен түзүлгөн лицензиялык келишимди да бузду. Документке ылайык, Корпорациянын бардык каналдары кабелдик телеберүүдө алгачкы он тизмеден орун алышы керек.
Ошондой эле КТРК Акнеттеги сигналдарын берүүнү токтотпой турганын билдирет. Кокус аталган кабелдик каналда дүйнөлүк футбол мелдешин көрсөтүү токтотулса, ал Акнет компаниясынын демилгеси жана чечими менен гана болушу мүмкүн.

Новости по дате