http://ktrk.kg/Бурулайдын өлүмү боюнча дагы бир жаран камакка алынды

Бурулайдын өлүмү боюнча дагы бир жаран камакка алынды

18 Июль 2018 , 5:14 8281

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ала качуунун курмандыгы болгон 19 жаштагы Бурулайдын өлүмү боюнча дагы бир жаран камакка алынды. Бул тууралуу “Биринчи радиого”  Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисин тергөө иштери боюнча орун басары Жыпара Исакбаева билдирди. 

Камакка алынган жаран Бурулайды өлтүрдү деген шек менен кармалган баланын досу. Учурда жаңы комиссиялык экспертиза түзүлдү. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге киши колдуу болгон Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев менен көзмө-көз жолугушуп, анын жүйөлөрүн угуу тапшырмасын берген эле. Министрге соттук-медициналык экспертизанын тыянагын терең изилдөө боюнча да тапшырма берилген. Жаш кыздын өмүрүнө забыл болгон окуя боюнча кандай жаңы жагдайлар белгилүү болууда? 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате