http://ktrk.kg/Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши жабылат

Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши жабылат

14 Авг 2018 , 4:35 445

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн ордо калаадагы Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, 14-августта түшкү саат он экиден кечки жетиге чейин бул трассадан өтүүгө болбойт. 

Оңдоо иштери 15-августта дагы эртең мененки саат жетиден кечки жетиге чейин уланат. Бул убакыт аралыгында айдоочулар Токтогул көчөсү аркылуу өтө алышат. Калаа бийлиги ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алдын ала башка жолдорду тандап алууга чакырат.

Новости по дате