http://ktrk.kg/Чүй: мыйзамсыз кошулган курулуштардын жарыгы өчүрүлдү

Чүй: мыйзамсыз кошулган курулуштардын жарыгы өчүрүлдү

14 Авг 2018 , 10:42 608

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Түндүк электр" ишканасынын тармактарына мыйзамсыз кошулган курулуштардын жарыгы өчүрүлдү. Ишканадан маалымдашкандай, Маевка айылындагы Теңдик конушу тараптагы алтымышка чукул үй курулуштарынын электр энергиясы өчүрүлдү. 

Алардын электр камсыздоого тиешелүү документтери жок болгон. Бирок алар мыйзамсыз түрдө “Түндүк электр” ишканасынын тармагына кошулуп, эсеп-кысапсыз электр энергияны керектеп келгени аныкталды. Мындан сырткары, тургундар аба электр чубалгыларынын тирөөчтөрүнүн ордуна техникалык талаптарга жооп бербеген, жыгач таякчаларын орнотуп коюшкан. Учурда электр энергия сатуу кызматынын адистери бузуулар боюнча акт түзүп, тиешелүү чараларды көрүүдө.


Новости по дате