http://ktrk.kg/Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн аскер кызматкерлери камакка алынды

Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн аскер кызматкерлери камакка алынды

16 Авг 2018 , 15:40 618

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жоокерлерге зомбулук көрсөттү деп айтылып жаткан аскер кызматкерлери камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Белгилей кетсек, Кой-Таштагы аскердик бөлүктүн 3 офицери жоокерлерди мыйзамсыз иштетип, ур-токмокко алган деп шектелүүдө. Тергөөнү Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө.


Аскер прокуратурасынын маалыматында, запкы тарткан 8 жоокер Кой-Таш аскер бөлүгүнүн “Ала-Тоо” полигонундагы окуу борборунда кызмат өтөп жатышкан. 

Май-июнь айларында окуу борбордун жетекчиси ага лейтенант, полигондун прапорщиги жана бөлүмдүн командири жоокерлерди жергиликтүү тургундун чарба иштерине жана мончонун курулушуна иштетип, ур-токмокко алышканы тууралуу факты Бишкек гарнизондунун аскер прокуратурасы жана аскер чалгындоо башкармалыгынын биргелешкен аракетинде 8-июнда ачылып, ички териштирүүлөрдөн соң, 10 күндөн кийин кылмыш иши козголгон.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен жоокерлерге зомбулук көрсөттү деп айтылып жаткан 3 аскер кызматкери тергөө иштери аяктаганга чейин тагыраагы, бир айга камакка алынды. 

Окуяга байланыштуу аскер бөлүктүн командири кызматынан алынган. Ал эми запкы тарткан жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттыкты калыбына келтирчү борбордо дарыланып жатат. Калган жети жоокер аскердеги кызматын улантууда.

Жоокерлерди офицерлер кулча иштеткени тууралуу кабар коомчулукка 9-августта белгилүү болгон. 10-августта президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алып, аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга алып келген себептерди иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырган.




Новости по дате