http://ktrk.kg/Кыргызстанда эт, сүт азыктарын өндүрүү жогорулады

Кыргызстанда эт, сүт азыктарын өндүрүү жогорулады

24 Авг 2018 , 17:39 2306

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда эт, сүт азыктарын өндүрүү жогорулады. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги мунун себебин малдын саны көбөйүп жатканы менен байланыштырат. Көрсөткүчтү дагы жогорулатуу үчүн министрлик ишкерлерди сүт ишканаларын жана заманбап мал соючу жайларды курууга чакырат.

Жалпы өлкө боюнча буга чейин болгону 3 заманбап мал соючу ишкана иштеп келсе, быйыл алардын саны жетиге жетти. Жалал-Абад облусундагы жаңы курулган жай жаздан бери иштеп келе жатат.

Быйыл жыл соңуна чейин дагы 5 заманбап мал союучу жай курулуп бүтөт. Мындай жаңы ишканалар менен бардык аймактар камсыз болот. Эт азыктарын экспорттоодо аны кабыл алуучу тарапты Кыргызстанда талапка жооп берген мал союучу жайлар бар экенине ынандыруу керек. Эт менен сүттү өндүрүү жогорулап жаткандыктан, бул өзгөчө мааниге ээ.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги мунун себебин малдын саны көбөйүп жатканы менен байланыштырат. Министрлик бул багытта соңку маалыматты жарыялай элек. 





Новости по дате