http://ktrk.kg/УБ эсептик чен өлчөмдү 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды

УБ эсептик чен өлчөмдү 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды

28 Авг 2018 , 7:22 2757

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн Улуттук банкы эсептик чен өлчөмдү 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов инфляциянын деңгээли төмөн бойдон калууда, улуттук валюта рыногундагы жана макроэкономикалык абал туруктуу бойдон сакталууда-деп билдирди.

Ал эми ички дүң өнүм быйылкы жылдын алгачкы алты айынын жыйынтыгы менен 0,2 пайызды түзгөн. Айыл чарба, курулуш жана транспорт тармагында жандуу өсүш байкалган.

Новости по дате