http://ktrk.kg/Борбор калаада кыш камылгасы кандай көрүлүүдө?

Борбор калаада кыш камылгасы кандай көрүлүүдө?

18 Сент 2018 , 4:44 9246

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Күз келгени жылуулук борборунун отун-суу камдап, кыш камылгасы өкмөттөгү жана парламенттеги жыйындардан түшпөгөн маселеге айланат. Учурда Бишкек мэриясы да кышка даярдык көрүүнүн үстүндө иш алып барууда. Өзгөчө былтыркы Жылуулук берүү борборундагы чочуткан абалдан кийин, көзөмөл күчөтүлгөн. 


Бишкек жылуулук тармактар ишканасы кыш мезгилине болгон даярдыкты аяктап калды. Быйылкы жылы ордо калаа боюнча 4 аймактагы жылуулук түтүктөрүн баштан аяк жаңыртуу каралган болсо, акыркы жумуштар жасалып жатат.

Бишкек жылуулук тармактар ишканасы кышка 95 пайызга даяр. Ал эми Бишкек жылуулук берүү ишканасы азырынча 70 пайызды камсыздаган.
Быйыл Бишкек ЖЭБиндеги ремонт иштерине жалпысынан 78 млн сом бөлүнүп, ага ишканадагы бардык от казандар, аларды курчоочу тоскучтар, деги эле жылуулук берүүдө керектеле турган жабдыктар толугу менен оңдолду. Ошондо баардык даярдык иштери толугу менен октябрь айын ортолоп барып аяктап калат.

Ошентип келаткан кышта электр энергиясын өчүрбөй, элди үшүтпөй кыштан чыксак экен деген аракет ар тараптан көрүлүүдө. Жалпысынан даярдык жакшы деп айтылганы менен, былтыркы окуя кайталанбаса деген максат биринчи орунда турат.




Новости по дате