http://ktrk.kg/Жалал-Абадда энергетиктердин даярдыгы кандай жүрүүдө?

Жалал-Абадда энергетиктердин даярдыгы кандай жүрүүдө?

21 Сент 2018 , 8:05 3873

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ноокен районунун Кара-Сай жаңы конушу электр жарыгы менен камсыз болууда. “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому быйылкы кыш мезгилине карата камылгаларын көрүп жатат. Таш-Көмүр шаарында да эскирген чублгылар оңдоодон өтүүдө.


Таш-Көмүр шаарынын энергетиктери күз-кыш айларына карата даярдыктарды улантып жатат. Учурда Достук көчөсүндөгү 60-жылдары жыгачтан коюлган, колдонуу мөөнөтү бүтүп, эскилиги эбак эле жеткен мамылар оңдоодон өтүп жатат. Буга чейин аба-ырайы кескин өзгөрүүгө учураганда авариялык өчүүлөр катталып келген. Энергетиктер менен элди түйшүккө салып келген маселе эми чечилмей болду. Реконструкциядан өтүп жаткан чубалгыдан 580 абонент электр энергиясын алат.

Ал эми Ноокен районундагы Кыргызстан айылынын жаңы конушуна электр энергиясын тартуу иштери жүрүп жатат. Жаңы конуш тургундарын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн заман талабына ылайык, коопсздук жагы бардык талапка жооп бере турган электр мамылары орнотулуууда.


Новости по дате