http://ktrk.kg/Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

26 Сент 2018 , 8:37 1693

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын Кытай менен чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттары 29-сентябрдан 7-октябрга чейин жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Чек ара 1-Октябрь – Кытай Эл Республикасынын негизделишинин майрамдалышына байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылып жатат. 

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 8-октябрда кайра жанданат.



Новости по дате